Сайт 10 мүнөттө

Жүз чалуунун ордуна — бир шилтеме

Шаблон тандап, ысымдарды жана күндү жазыңыз — чакыруу сайты даяр. Коноктор бир баскыч менен жооп беришет, жооптор — сизге Telegramга.

Азыр эле байкап көрүңүз
Биз жасап беребиз

Каттоосуз · сайт жакканда гана төлөйсүз

Туулган күнгө чакыруулар

Тексттер жана программа майрамыңызга ылайыктап жазылган — сиз ысымдарды, күндү жана жерди гана жазасыз. Каалаган шаблонду демо катары ачса болот.

Телефондон, каттоосуз

10 мүнөттө кантип жасалат

Чакыруунун тексттери кыргызча жана орусча даяр — сиз өзүңүздүкүн гана жазасыз.

КепилдикСайт даяр болуп, жакканда гана төлөйсүзТөлөмгө чейин сайтты толугу менен — коноктор көргөндөй көрөсүз. Жакпаса — төлөбөйсүз.

Басып көрүңүз

Конок жооп берет — сиз дароо билесиз

Чалуулардын жана ондогон билдирүүлөрдүн ордуна — бир шилтеме. Оң жактагы телефондо коноктун ордуна жооп бериңиз — Telegramга эмне келерин көрөсүз.

  • Ар бир конокко WhatsAppта өз аты менен шилтеме
  • Коноктордун жооптору дароо Telegramга келет
  • Карта, программа, саноо жана музыка — бир жерде
Мага да ушундай сайт
Динара, келесизби?
Chakyram ботконоктордун жооптору

✅ Айгүл Асанова — келет, 2 киши, колукту тарабы

✅ Бакыт Токтогулов — келет, 3 киши, күйөө бала тарабы, балдар менен

🤔 Нурлан Эсенов — азырынча билбейт

Жыйынтык: 2 келет / 0 келбейт / 1 билбейт · 5 киши

Эсептеп көрүңүз

Чалуулар жана билдирүүлөр же бир шилтеме

Азыр көпчүлүк телефон же WhatsApp аркылуу чакырат. Сизге канча убакыт кетерин эсептеп көрүңүз.

Азыр кантип чакырасыз

≈ 4 мүнөт бир чалууга: күнү, дареги жана «канча киши келесиздер?» — болжолдуу эсеп, так эмес.

≈ 2 мүнөт бир конокко: жазуу, картаны жөнөтүү, жоопту чогултуу — болжолдуу эсеп, так эмес.

≈ 5 мүнөт бир конокко: улууларга чалуу + дареги менен билдирүү — болжолдуу эсеп, так эмес.

  • Күндү жана даректи бир нече жолу кайра сурашат
  • «Канча киши келесиздер?» — башыңызда же дептерде санайсыз
  • Сайт менен: карта жана программа ар кимде, жооптор жана жыйынтык — Telegramда

Чалам6 саат 40 мүнөт

Сайт: жасап, шилтемени жөнөтүү15 мүнөт

Бошотуңуз6,4саат990 сомго — жана ким келерин, канча киши экенин так билесиз
Сайт жасоо · 990 с

Баасы

Сайтты ким толтурат?

aigerim-nurlan.chakyram.kg сыяктуу дарек, хостинг жана эки тил баага кирет.

Сайт бирдей — айырмасы ким толтурганында гана.

Көп берилүүчү суроолор

Өзүм жасоо кыйынбы?

Жок. Телефондон кыска кадамдар: ысымдар жана күн, жер, сүрөттөр, музыка, программанын убактысы — жана бүт сайт көз алдыңызда. Чакыруунун тексттери кыргызча жана орусча даяр. Адатта 10 мүнөт жетиштүү, ар бир кадам сакталат — жеке шилтемеңиз аркылуу кийин кайтсаңыз болот.

«Өзүм жасайм» менен «Биз жасап беребиздин» айырмасы эмнеде?

Сайт бирдей. Өзүңүз — телефондон 10 мүнөттө толтурасыз. Биз — сүрөттөрдү жана маалыматты WhatsAppка жөнөтөсүз, биз сайтты чогултуп, музыка тандап, тексттерди текшеребиз: ошол эле күнү даяр, адатта ысымдарды, датаны, жерди жана сүрөттөрдү жөнөткөндөн 1–2 сааттан кийин, кеч жазсаңыз — эртең менен.

Кантип төлөйм?

MBank аркылуу которуу менен — даяр сайтты көргөндөн кийин. Өзүңүз: редактордо «Жарыялоо» баскычын басып, QR же номер аркылуу которосуз — которууну көрөрүбүз менен сайт конокторго ачылат (күндүз адатта бир сааттын ичинде). Биз жасасак: алдын ала версиядан кийин, MBank QR же накталай.

Жарыялангандан кийин оңдосо болобу?

Ооба, коноктордогу шилтеме өзгөрбөйт. Өзүңүз — жеке шилтемеңиз аркылуу редактордо оңдоп, «Сайтты жаңыртуу» баскычын басасыз. Биз жасасак — бизге жазасыз, ошол эле күнү оңдойбуз.

Өзүм жасай албасам — жардам бересизби?

Ооба. WhatsAppка жазыңыз — биз бүтүрүп беребиз, сиз «Биз жасап беребизге» чейинки айырманы гана төлөйсүз.

Коноктор түшүнөбү?

Конок WhatsAppтан шилтемени ачат, өз атын көрөт жана бир баскыч менен жооп берет. Эч нерсе жүктөп алуунун же катталуунун кереги жок.

Туулган күнгө же корпоративге болобу?

Ооба. Туулган күн, тушоо, бешик той, маараке, бүтүрүү кечеси, корпоратив жана ачылыш үчүн шаблондор бар — тексттер жана программа майрамга ылайыктап жазылган.

Сайт канча убакыт иштейт?

Иш-чара өткөндөн кийин бир жыл, андан кийин сүрөттөрү менен «Той өттү» барагы көрсөтүлөт; мөөнөттү узартса болот.

Чакырууну бүгүн эле жасаңыз

Шаблон тандап, ысымдарды жазыңыз — 10 мүнөттөн кийин сайт даяр. Убактыңыз жокпу — бизге жазыңыз, биз жасап беребиз.

Сайт жакканда гана төлөйсүз

Сайт 10 мүнөттөжакканда гана төлөйсүз

Жасоо · 990 с